Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео)

Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео)

Нарын облусунда лыжа спортун өнүктүрүү боюнча биринчи кадамдар жасала баштады. Нарынга тажрыйбалуу лыжа тепкен Швейцариялык туристтер келип, аларды жергиликтүү гиддер коштоп жүрүшкөн.

Нарындагы туризм жаатында эмгектенген Бакыт Асакеевдин айтымында, Нарынга келген туристтерге Бишкектеги Nomads land туристтик компаниясы, Naryn nomad travel комнаниясы тейлөө кызматын көрсөтүшкөн.

«Биринчи жолу бийик тоого атайын лыжа менен чыгып, кайра ылдый түшүү (Freerider) Нарын тоолорунда чет элдиктер, биздин гиддер тарабынан ийгиликтүү аткарылды!

Чет элдиктерге, биздин гиддерге бул тоого 4 саатта чыгып, бир заматта ылдый түшүү процесси аябагандай жагымдуу, ийгиликтүү болуп, кубанычтары коюндарына батпай, жетине албай сүйүнүп жатышты. Биз дагы сүйүндүк, биздин максаттар ишке ашты.

Бул группанын бизге келиши — Нарын облусунда Эл Аралык багыттагы тоо лыжасын өнүктүрүү боюнча эң алдыңкы, чечкиндүү жана ийгиликтүү кадам болду. Келечекте чет элдиктер Кара-Кол, Жыргалаңга эле лыжа тепкени барбай, Нарынга дагы келе башташат. Демек, туризм аркылуу элдин жашоосу, экономикабыз өнүгө баштайт», — дейт ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты — Head Hunter 1 февраля 2023 г.    10:04
Технология тармагындагы айымдардын башын бириктирген Techno Women Kyrgyzstan 2023 иш чарасы өттү 1 февраля 2023 г.    9:48
Комбанктардын депозиттик портфели өткөн жылы дээрлик 340 млрд сомго жетти 1 февраля 2023 г.    9:24
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт 31 января 2023 г.    18:00
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери