Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт

Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө  тренингдерди өтөт

Interact компаниясынын адистери ӨКМдин 10 инструкторуна жана 120 өрт өчүрүүчүгө атайын тренингдерди өткөрөт. Андан кийин инструкторлор башка өрт өчүрүүчүлөргө XR системасы аркылуу машыгууларды өткөрүшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча KOICA агенттиги КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте «КР ӨКМдин өрт-куткаруу кызматтарынын дараметин арттыруу аркылуу калктын коопсуздугун камсыздоо» долбоорун ишке ашырууда.

Долбоордун жалпы баасы 7 млн долларды түзүп, өрт куткаруу бөлүктөрүн курууну жана керектүү техникаларды сатып алууну камтыйт.

Ошондой эле кечээ, 31-январында КР ӨКМдин Жарандык коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун «Өрт коопсуздугу» кафедрасында виртуалдуу реалдуулук системасы аркылуу окутуу-машыгуу классынын расмий ачылуу аземи болуп өттү. Ага KOICA агенттигинин директору Ли Жонгсу жана «Interact» компаниясынын башкы директору Квон Нам-Хёк катышты.

Долбоор Кореянын Interact компаниясы тарабынан ишке ашырылды. Окуу борбору заманбап техникалар менен жабдылып, өрт өчүрүүчүлөр инновациялык виртуалдык реалдуулук системасынын жардамы менен ар түрдүү кырдаалдарда өрт өчүрүү жөндөмдүүлүгүн арттыра алышат. Мындай долбоор Кыргызстанда алгачкы ирет ишке киргизилүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты — Head Hunter 1 февраля 2023 г.    10:04
Технология тармагындагы айымдардын башын бириктирген Techno Women Kyrgyzstan 2023 иш чарасы өттү 1 февраля 2023 г.    9:48
Комбанктардын депозиттик портфели өткөн жылы дээрлик 340 млрд сомго жетти 1 февраля 2023 г.    9:24
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт 31 января 2023 г.    18:00
Тарыхый көрсөткүч: өткөн жылы КФБда 18.6 млрд сомдук бүтүм түзүлдү 31 января 2023 г.    17:30
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери