Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат

Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат

2023-жылы 2 миң жаран Улуу Британияга айыл чарба иштерине баруу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, 30-январда Жарандарды ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британия өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда КР жарандарын Улуу Британияда ишке орноштуруу боюнча келишимге кол коюлган.

«Кыргызстанга берилген 2023-жылга квота 2 миң адамды түзөт. Бишкек жана Ош шаарларында Улуу Британияда айыл чарба иштерине талапкерлерди кабыл алуу буга чейин жүргүзүлүп, учурда тандоо иштери жүрүп жатат. Келишимдин мөөнөтү алты айга чейин уланат, эмгек акы бир саатына 10 фунт стерлингди түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошентип 2022-жылы Эмгек министрлиги менен Agro HR жеке компаниясынын ортосундагы макулдашуунун алкагында Улуу Британияга 1.5 миң жаран айыл чарба жумуштарына жөнөтүлгөн.


Улуу Британия 2023-жылы кыргызстандыктарды жумушка алуу боюнча квотаны көбөйттү

Британиялык эксперттер КРнын авиациясын Евро Биримдиктин «кара тизмесинен» чыгарууга көмөктөшөт

Англияга сезондук жумуштарга баруунун талаптары кандай? — жол-жобосу

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери