Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады

Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады

ИИМ Бишкек шаарынын бардык райондоруна адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамераларды орнотууну сунуштады. Бул тууралуу аталган министирликтин маалымат кызматы биллдирди.

ИИМ көтөргөн демилгенин негизинде Биринчи май райондук администрациясы райондогу коомдук жайларга атайын видеокамераларды орното баштады.

«Ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунда ушул багытта иштер жүрүүдө. Анткени, адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын колдонуунун башкы максаттарынын бири — шаардын тургундарынын, меймандарынын коопсуздугун сактоо жана коомдук жайларда тартиптин сакталышын толук көзөмөлгө алуу болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда республика боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Алардын ичинен 519 видеокамера коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты — Head Hunter 1 февраля 2023 г.    10:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери