Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт

Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт

2017-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстандын калкынын арасында жакырчылыктын өсүшү байкалган. 2021-жылдын аягында 1 млн 74 миң бала жакырчылыктын эң жогорку чегинде жашаган. Мындай маалыматтарды КР Улуттук статистикалык комитети берди.

Улутстаткомдун маалыматы боюнча, эң оор абал Жалал-Абад облусунда байкалган, ал жерде балдардын 52%ы жакырчылыктын чегинде жашайт. Кийинки орундарда Нарын облусу (48.2%) жана Бишкек (48.1%) турат.

Жакырчылыкта жашаган балдардын саны 2017-жылдан 2019-жылга чейин – 782 миңден 660ка чейин азайган болчу. Бирок 2020-жылдан бери тенденция артка кетип, өсүш башталган. 2020-жылы 833 миң бала жакырчылыкта жашаса, 2021-жылы кедейликтин көйгөйүндө жашаган жаш балдардын саны 1 миллиондон ашкан.

Мындан тышкары, көп балалуу үй-бүлөлөр көбүрөөк жакырчылыкка туш болушат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жакырчылыкты баалоонун бир нече ыкмалары колдонулат:

  • материалдык жакырчылык (жалпы жана өтө)
  • салыштырмалуу жакырчылык
  • балдардын жакырчылыгы жана ажыратуу индекси
  • Улуттук көп өлчөмдүү жакырчылык индекси боюнча көп өлчөмдүү жакыр үй чарбаларында жашаган балдар
  • балдардын көп өлчөмдүү жакырчылыгынын улуттук индекси (баланын чоңоюунун ар бир этабындагы керектөөлөрүн эске алуу менен каралат).

Кара-Балтада ачкадан каза болгон кыздын апасы Россияда болгон — Кыргызстанда 90 миң жаш баланын ата-энеси мигрант

Өлкөбүздө 2 миллиондон ашык адам күнүнө 125 сомго жашайт — эксперт

Кыргызстанда жакырчылыктын дэңгээли өсүүдө — айрыкча, Баткен менен Бишкекте

Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы элди жакырчылыктан коргоп калууга даяр эмес

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт 31 января 2023 г.    18:00
Тарыхый көрсөткүч: өткөн жылы КФБда 18.6 млрд сомдук бүтүм түзүлдү 31 января 2023 г.    17:30
БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди 31 января 2023 г.    16:48
Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат 31 января 2023 г.    16:30
Министрлер кабинетинин «Кумтөрдөгү» алтынды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар 31 января 2023 г.    16:00
Швейцария өкмөтү КРнын энергетика тармагына 8 млн доллар грант берет — кол коюлду 31 января 2023 г.    15:18
Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигинин себебин айтып, бирок азыр эч кандай көйгөй жоктугун билдирди 31 января 2023 г.    14:40
Минкаб энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компанияларга «коңгуроо какты» 31 января 2023 г.    13:52
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери