Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга мамлекеттик кепилдик бербейт

Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга мамлекеттик кепилдик бербейт

Казакстан менен Өзбекстан да катыша турган Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга кеткен чыгымдар үч өлкөгө тең бөлүштүрүлөт. Ошондой эле чет өлкөдөн да каражат тартылышы мүмкүн, деп билдирет «Казинформ», Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматына таянып.

«Долбоорду эл аралык долбоордук каржылоо талаптарына ылайык ишке ашыруу пландаштырылууда, анын алкагында керектүү көлөмдө кредиттик каражаттар тартылат. Мындан тышкары, Казакстандын мамлекеттик кепилдиктерди берүүнү көздөбөйт», — деп айтылат Энергетика министрлигинин агенттикке берген расмий жообунда.

Ведомство кошумчалагандай, тараптар өкмөттөр аралык келишимге кол коюу маселеси боюнча иштеп жатышат. Ошондой эле долбоордун баасы жана негизги техникалык чечимдер азырынча аныктала элек. Бул үчүн техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгат.

«Казак тараптан Энергетика министрлиги жана «Самрук-Энерго» компаниясы долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги аткаруучулар катары аныкталды», — деп билдирди РК Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги «Казинформ» агенттигине берген жообунда.

Эске салсак, 6-январда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1ди биргелешип куруу боюнча макулдашышкан. Ал Кыргызстандагы ири электр станциясына айланып, Борбор Азия өлкөлөрүн электр энергиясы менен камсыздап, аймакты суу менен камсыздоону турукташтырууга тийиш.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга мамлекеттик кепилдик бербейт 31 января 2023 г.    11:20
«Кумтөр» бул жылы 14 тонна алтын чыгарууну пландап жатат 31 января 2023 г.    10:41
Депутаттар чиновниктерге мамлекеттик ишканаларды башкарууга уруксат бербей коюшту 31 января 2023 г.    9:53
2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат 30 января 2023 г.    18:24
Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот 30 января 2023 г.    17:44
Суу — бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл — Акылбек Жапаров 30 января 2023 г.    16:46
Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт 30 января 2023 г.    16:11
Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат 30 января 2023 г.    15:28
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери