Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду

Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары жакында эки өлкөнүн чек арасынан ID-паспорт менен эле өтө алышат. Мындай макулдашуу 27-январда жарандардын сапарлары боюнча жаңыланган өз ара келишимге кол коюунун алкагында жетишилди.

Бул өзгөртүлгөн келишимге ылайык, Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга ID-карта менен кире алат жана Кыргызстандын жарандары да Өзбекстанга ID-карта менен кире аларын Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Чек арадан өтүүнүн жаңы тартиби эки өлкөнүн ратификациялык процедураларынан өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул болжол менен эки айга созулат.

Жөнөкөйлөштүрүлгөн кирүү чек араны каалаган транспорт менен — ​​учактар, поезддер, жеңил унаалар, автобустар менен кесип өткөндө жарактуу болот.

«Буга чейин бир дагы чет мамлекет Өзбекстанга чек арадан ID-карта менен өтүү тартибин берген эмес, Кыргызстан биринчи өлкө», — деп билдирет Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги.

Белгилей кетсек, азырынча КР менен Өзбекстандын жарандары чек арадан эл аралык паспорт менен гана өтө алышат. Келечекте чек арадан өткөн жарандар тууралуу маалымат электрондук түрдө катталып, паспортко мөөр басуунун кереги жок болот.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин КРга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду 30 января 2023 г.    9:51
Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат 30 января 2023 г.    9:35
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери