Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек

Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосунда КРда автоунаа жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул макулдашууга КРнын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудретов кол коюшту.

Макулдашуунун алкагында долбоор үч этап менен ишке ашат:

  • 1-этап — КРнын жарандарына 500 жаңы жумушчу орундарын түзүү менен 10 миң бирдикке чейинки автотранспорттук каражаттарды SKD ыкмасы боюнча (ири масштабда жыйноо) өндүрүштү уюштуруу
  • 2-этап — КРнын жарандарынан 1000 жаңы жумушчу орундарын түзүү менен 20 миң даана автомобиль өндүрүшүн баштагандан кийин 4-5 жыл аралыгында автокомпоненттерди чыгаруу
  • 3-этап — КРнын жарандарынан 2 миң жаңы жумушчу орундарын түзүү менен 6-жылга жалпы 30 миң даана автомобилдердин CKD (чакан жыйноо) өндүрүшүн уюштуруу.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан автоунаа чыгарган биргелешкен завод курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Завод Чүй облусунун Ак-Суу айылында (Бишкек шаарынан 50 км) курулат. Ал жерде автоунаанын 19 түрү чыгарылмакчы. Кыргыз тараптан өндүрүшкө эки компания «Нур» ААКсы жана «ДТ Техник» ЖЧКсы, өзбек тараптан «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы катышат.


Кыргызстанда Chevrolet жана Isuzu унаалары чыгарылат — баасы 13 миң доллардан башталат

КР менен Өзбекстан куруп жаткан автоунаа заводу 180 күндүн ичинде ишке кириш керек — минкаб

Жыл башынан бери Кыргызстанга 29 миң автоунаа импорттолгон — көбү Грузия, Корея жана Россиядан келген

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек 30 января 2023 г.    10:10
Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду 30 января 2023 г.    9:51
Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат 30 января 2023 г.    9:35
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери