1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек

1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталганын билдирди.

Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтөт.

Ага ылайык, 1-апрелге чейин – юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана 1-майга чейин – жеке жактар жана жеке ишкерлер өткөн жылы алынган кирешелери, ошондой эле, жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык иши жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

  • 1-апрелге чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, дыйкан жана фермердик чарбаларды кошкондо ата мекендик уюмдар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
  • 1-майга чейин жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Мындан тышкары, 1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жактар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар тапшырышат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек 30 января 2023 г.    12:07
Кыргызстанда өткөн жылы кайсы банк эң көп киреше тапты? — Рейтинг 30 января 2023 г.    11:25
Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек 30 января 2023 г.    10:10
Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду 30 января 2023 г.    9:51
Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат 30 января 2023 г.    9:35
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери