КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди

КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди

Кыргызстанга электромобилдер жана электр заряддоочу станциялар боюнча долбоордун алдын ала изилдөөсүн жүргүзүү үчүн эксперттер тобу келди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 26-январда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) директору Ли Жонгсу мырза менен жолугушту, анда эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Амангелдиев приоритеттүү багыттардын бири катары «жашыл» экономиканы жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү экендигин белгилеген. Ошол эле учурда «жашыл» өнүгүүнүн маанилүү инструменттеринин бири транспорттун экологиялык режимине өтүү болуп саналат. Министрлик «Кыргызпочтасы» ААК менен биргеликте бул жаатта долбоорду иштеп чыгууда.

«Ли Йонгсу мырза белгилегендей, KOICA да климаттын өзгөрүшүнө жана аймактарды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурат. Тактап айтканда, Кыргызстанга электромобилдер жана электр заряддоочу станциялар боюнча долбоордун алдын ала изилдөөсүн жүргүзүү үчүн эксперттер тобу келди», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

КР Экономика министрлиги KOICAнын кыргыз тараптан контр-өнөктөшү катары KOICA кеңсесинин толук кандуу иштешине жана КРда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди 27 января 2023 г.    9:19
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери