«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү

«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү

«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес. Бул тууралуу 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган.

Африкага учактарды лизингге берүү маселеси боюнча КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Эйр Кыргызстан» ААКсынын учактары Африкага эч качан лизингге берилген эмес, андан тышкары ал жакта калган эмес. Мүмкүн, башка авиакомпанияны айтып, «Эйр Кыргызстан» ААКга тиешеси жок башка учактар жөнүндө сөз болгондур. «Эйр Кыргызстан» ААК «Кыргызстан авиакомпаниясы» ААКсынын укуктук мураскери болуп саналат.

Компания жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү абада ташууну, литердик каттамдарын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жана башка аба ташууларын аткарышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Коомдун акционери болуп коомдун уставдык капиталынын 100% акциясына ээлик кылган КР МЭКке караштуу Мамлекеттик мүлк фонду саналат.


Буга чейин  Economist.kg кабарлагандай, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров «Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болгонун маалымдаган эле.

Эске салсак, 2021-жылы УКМК 100% акциясы мамлекетке таандык «Эйр Кыргызстан» ААКсында коррупциялык фактыларды аныктаган. Эсеп палатасынын кызматкерлери авиакомпаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3.1 млн доллар зыян келтирилгенин жашырышкан.

2016-жылдын аягынан тарта компания финансылык кыйынчылыктарды баштан кечире баштаган. 2017-жылдын күз айларынан тарта авиакомпаниянын иши рентабелдүү эмес деп табылгандыктан, өздүк каттамдары токтотулган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
«Кумтөр» калдыктарды кайра иштетүүчү компанияны аныктады — андан дагы 112.6 тонна алтын алынат 27 января 2023 г.    12:28
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери