Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров

Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров

Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунда айтканын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров форумда «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар экенин айткан.

«КР энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына ээ, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор», — деди Жапаров. 

Ошондой эле ал келечекте бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн өнүгүүсүнө кызмат кыла турган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча Өзбекстан Республикасы жана Казакстан Республикасы менен жетишилген макулдашууларды канагаттануу менен белгиледи.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров 26 января 2023 г.    13:24
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен — үчтөн бири аялдар 26 января 2023 г.    10:47
Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр — жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет 26 января 2023 г.    10:37
Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты 26 января 2023 г.    10:14
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери