Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат

Учурда Кыргызстанда  өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат

Учурда өлкөдө өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат, анын 22си — биргелешкен ишканалар, 38и өзбек капиталынын толук катышуусу менен иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өтүп жаткан «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунда айтылды.

Форумда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдө Өзбекстандан инвестицияларды, технологияларды жана компанияларды башкарууну тартууга кызыкдар экенин айтты.

«Бизде өзбек бизнесине сунуш кыла турган нерсебиз бар. Өлкөбүзгө болгон ишенимди бекемдөө жана ачык-айкын ишкерлик жана инвестициялык климатты түзүү аркылуу инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз. Улуттук деңгээлдеги объектилерге ири көлөмдөгү инвестициялар үчүн колдоо чаралары жана коопсуздук кепилдиктери күчөтүлгөн «стратегиялык инвестор» өзгөчө статусун түзүү пландаштырылууда», — деди ал.

Иш-чарага Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков катышты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров 26 января 2023 г.    13:24
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен — үчтөн бири аялдар 26 января 2023 г.    10:47
Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр — жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет 26 января 2023 г.    10:37
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери