СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады

СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады

Кыргыз-өзбек бизнес форумунда Соода өнөр жай палатасынын жетекчиси (СӨП) Темир Сариев кыргызстандык ишкерлер үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктар тууралуу айтканын билдирди.

Ошондой эле бүгүнкү форумдун алкагында палата бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруп, анда кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдук болуп саналган көйгөйлөр айтылган.

Алар:

  • чек арага чектеш райондордо өткөрүү пункттарынын жетишсиздиги
  • алардын техникалык жабдылышы
  • тез бузулуучу азыктарды жеткирүү үчүн «жашыл коридорлордун» жоктугу
  • соода-логистикалык хаб түзүү зарылдыгы
  • ветеринардык документтер боюнча электрондук тутумдарды интеграциялоо зарыл
  • авиакаттамдарды көбөйтүү керек.

Ошондой эле Сариев эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда иштиктүү Кеңеш түзүлгөнүн билдирди.

«Бул эки өлкөнүн бизнесинин активдүү диалогу, өз ара кызыкчылыктарды жана долбоорлорду илгерилетүү үчүн аянтча. Негизги максаты – өзбек экономикасынын потенциалын, бул өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу», — деди ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров 26 января 2023 г.    13:24
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери