Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт

Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт

Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Аалиев учурда пахтаны өстүрүү жана андан текстиль буюмдарын өндүрүүнү караган кластердик өндүрүш долбоору даярдалып жатканын айтат.

«Бул Кыргызстандын текстиль тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Бизде пахта бар, бирок аны кайра иштетүү жок. Биздин дыйкандар түшүмүн арзан баада сатууга аргасыз болууда», — деди ал.

Ишкананын курулушу Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланары күтүлүүдө.

Ошондой эле ал азыр фонддо жалпы суммасы 8 млн доллардан ашык каражатка төрт долбоор бар экенин жана 20дан ашык ар кандай долбоорлорго кредиттик линияларды даярдалып жатканын, алар ар кандай этапта экенин билдирди.

«Алардын жалпы баасы 100 млн доллардан ашат. Даяр болгондон кийин каржылоону баштайбыз», — деп кошумчалады Аалиев.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров 26 января 2023 г.    13:24
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери