Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ

Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ

Кыргызстандыктар өлкөдөгү эң коррупциялашкан мекемелер деп Саламаттыкты сактоо министрлигин, Ички иштер министрлигин, Мамкурулушту аташты. Мындай жыйынтыкка Улуттук статистикалык комитет жарандардын мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээли тууралуу жеке пикирин сурамжылоосунун натыйжасынын негизинде келген.

2022-жылдын экинчи жарымында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, кыргызстандыктардын пикири боюнча эң коррупциялашкан 5 органдын катарына Юстиция министрлиги менен Транспорт министрлиги да кирген.

Жарандар коррупция аз кездешкен жер катары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарын жана райондук маанидеги шаарлардын, айыл аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аташкан.

Белгилей кетсек, буга чейин эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деген наамды кыргызстандыктар беш жыл катары менен Бажы кызматына ыйгарып келген. Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын экинчи жарымында Бажы кызматы иш сапаты боюнча эң төмөнкү рейтингди алып, элдин ишеним деңгээли боюнча акыркы орунду ээлеген болчу. Бирок өкмөттүн түзүмү өзгөргөндөн кийин Бажы кызматы Экономика министрлигинин карамагына өтүп, ага өзүнчө баа берилбей калган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ 26 января 2023 г.    9:27
Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө 26 января 2023 г.    9:10
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери