Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
«Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу алкагында 26-январда өтүүчү «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун маанилүүлүгүн белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин КРга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү алкагында өттү.