«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты

«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты

17-январда «Кыргыз-Швейцариялык Банк» ЖАКтын Каракол шаарында филиалы ачылды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.

Банктын жаңы филиалы кардарларды оперативдүү тейлөө үчүн техникалык жабдуулар менен жабдылган, банктык жайларды коргоонун заманбап талаптарына жооп берет жана коноктордун жайлуу болушу үчүн бардык зарыл шарттарга ээ.

«Заманбап операциялык бөлмө кардарларды ыңгайлуу тейлөөгө мүмкүндүк берет. Тейлөөнүн жогорку деңгээли жана күнүмдүк маселелерди ыкчам чечүү Каракол шаарынын жаңы филиалында тейлөөнү ыңгайлуу жана коопсуз кылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы филиалдын кардарлары эсептерди ачуу жана жүргүзүү, депозит ачуу, акча которуулар, эл аралык төлөм карталарын ачуу жана кредиттер боюнча консультацияларды алуу сыяктуу банктын кызматтарынын жана продуктыларынын бардык спектрин пайдалана алышат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери