Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты

Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты


Азиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чет элдик коноктор Киев көчөсүндө Манас көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин кыймылды уюштуруунун пилоттук долбоорун көрсөтүштү жана сунушташты.

Бул бөлүктө алар жашыл аймактарды уюштурууну, утурлама багыттардагы велосипед тилкелерин жана негизги коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкени кантип түзөөрүн көрсөтүштү.

Ошондой эле, коомдук транспорт чөйрөсүндөгү адистер бул жол участогун изилдеп чыгып, коомдук транспорт үчүн унаа жолунда кошумча аялдамаларды түзүү зарыл деген бүтүмгө келишти.

«Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев долбоор менен жакындан таанышып, аны колдоду, ошондой эле биздин адистер менен биргеликте бул долбоорду экинчи этапта Ибраимов көчөсүнө чейин улантууну сунуштады», — деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты 26 января 2023 г.    10:14
Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ 26 января 2023 г.    9:27
Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө 26 января 2023 г.    9:10
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери