Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды

Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 30-декабрында өткөрүлгөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын үчүнчү утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, лотереянын 3-утушунун жеңүүчүлөрү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан катышкан 52 адам болду.

  • Башкы байге – Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирди Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургуну жана үй кожойкеси Каныбек кызы Чынара утуп алды. Ал топтогон 106 билеттин бири утуштуу болгон.
  • Honda электромобили Дана Өмүрзаковага, ал эми Neta V электромобили Таалайбек Эйсага буюрду, экөө тең Чүй облусунун тургуну.
  • Дагы 12 адам iPhone 13, 11 адам Samsung смартфондорунун ээлери болушту. Ошондой эле, 6 микротолкундуу меш, 5 чаң соргуч, 5 телевизор, 5 муздаткыч жана 5 кир жуугуч машина өз ээлерин табышты.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 30-декабрында Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын үчүнчү утушу өтүп, түз эфирдин жүрүшүндө баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталган.

Утушка 18 млн 844 миң 542 билет менен 176 миң 896 адам катышты.

Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды. Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, мамлекеттик лотереянын жеңүүчүлөрү утуп алган байгелери үчүн салык төлөөдөн бошотулган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери