«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат

«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат

2023-жылдын 26-27-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин КРга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында, 18 жана «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлаары күтүлүүдө. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратовду кабыл алды. 

«Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башында турган делегацияны тосуп алууга жана эки тараптуу жолугушууларды жемиштүү уюштуруп өткөрүүгө дыкат даярдыктар көрүлүүдө. Өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттери ортосундагы ар тараптуу бардык тармактар боюнча кызматташууларыбыз майнаптуу жыйынтыктарды бере берсин”, — деди Төрөбаев. 

Ал эми Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жемиштүү болооруна ишенерин билдирди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат 25 января 2023 г.    9:29
Италиялык бренддер Кыргызстандын рыногуна чыгууну пландашууда 25 января 2023 г.    9:16
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери