Италиялык бренддер Кыргызстандын рыногуна чыгууну пландашууда

Италиялык бренддер Кыргызстандын рыногуна чыгууну пландашууда

20-январда Инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Made in Italy брендин илгерилетүү боюнча координациялоо жана өнөр жай тармагында кызматташуу үчүн Италиянын Соода жана инвестиция агенттигинин бөлүм башчылары М.Форте жана М.Масини менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө КРнын инвестициялык жана экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берилип, кыргыз тараптын италиялык компанияларга кыргыз рыногуна чыгуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө даярдыгы айтылды.

Өз кезегинде М.Форте италиялык бизнес чөйрөлөрүнүн кыргызстандык компаниялар менен коммерциялык байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, Италиянын соода жана инвестиция агенттигинин өкүлдөрүнүн жана бизнес-делегациянын быйылкы жылы Кыргызстанга келишин кароого даярдыгын билдирди.

Темиралиев ошондой эле италиялык бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, бизнес жүргүзүүнүн шарттары, салык преференциялары, ошондой эле КРнын өкмөтү тарабынан чет элдик инвесторлорго берилген мамлекеттик кепилдиктер менен тааныштырды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Италиялык бренддер Кыргызстандын рыногуна чыгууну пландашууда 25 января 2023 г.    9:16
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери