Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди

Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди

Economist.kg мурда кабарлагандай, Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечкен. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койгон болчу.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бүгүнкү күндө 4.966 млн евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилгенин кабарлады.

«Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» макулдашуусунун алкагында, өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат», — деди катчы.

2022-жылдын майында КРнын министрлер кабинети менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда КРнын Германияга суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» Макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14.9 млн евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен «МИК» ААКга берилет.


Германия койгон шартка ылайык, ипотекалык насыялар Бишкек жана Ош шаарларынын чегинен тышкары жалданып иштеген же ишкерлик кылган бардык категориядагы жарандарга жылдык 8% менен, 15 жылга чейин берилет.


МИК Германиянын KfW өнүктүрүү банкынын конверсияланган карызынан жыл сайын 5 млн евродон алат

Германия кечкен КРнын 14.9 млн евро суммасындагы карызы МИКке KfW банкы аркылуу берилет

МИКтин «Жеткиликтүү ипотека» багытын Германия өнүктүрүү банкы (KfW) каржылайт

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
КР өткөн жылы ЕАЭБдеги өлкөлөргө 20 млрд сом бажы төлөмдөрүн которду 25 января 2023 г.    10:43
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери