АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты

АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты

КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун аталган мекеме Баткендеги социалдык объектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында билдирүү жарыяланды.

АРИСтин маалыматына таянсак, кыргыз-тажик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болуп өткөн куралдуу жаңжалдан кийин КРнын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банкка Региондук экономикалык өнүктүрүү (ПРЭР-2) долбоорунун «Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү (CERC)» 4-компонентин активдештирүү жөнүндө суроо-талап жөнөткөн. Ошондой эле Баткен облусунун чек ара аймактарындагы чыр-чатак учурунда жабыркаган социалдык объекттердин тизмеси бекитилген.

Мындан тышкары ПРЭР-2 Байкоочу кеңеши өз чечими менен чыр-чатак учурунда жабыр тарткан социалдык объектилерди (мектептер, бала бакчалар, ФАПтар) калыбына келтирүүгө 10 млн АКШ долларын кайра бөлүштүрүүнү жактырган. Дүйнөлүк банктын 4-компонентти (CERC)  ишке киргизүүгө расмий макулдугу 2022-жылдын 14-ноябрында алынган.

«Белгилей кетсек, жаңы курулушка ДСД 10 социалдык объект үчүн иштелип чыккан. Долбоордун алкагында андан ары ишке ашырууга бардык тийиштүү документтери, анын ичинде оң мамлекеттик экспертизасы менен АРИСке берилген», — дейт агенттик.

Ошондой эле АРИС аталган Долбоорду ишке ашыруучу агенттиги катары, КР иштеп чыккан долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) жана 5 социалдык объекттин тиешелүү сметаларын — ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга — КРнын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (Мамкурулушка) мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө бергенин маалымдады.  

«5 объекттин долбоордук-сметалык документтерине жүргүзүлгөн мамэкспертизанын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган Жобонун негизинде оң корутунду алынган«, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле агенттик Баткен облусунун айрым социалдык объектилерине ДСДны жогорулатуу жөнүндө жайылтылып жаткан маалымат — туура эмес экендигине басым жасады.

Азыркы учурда тендердик процесс гана жүрүп жатат (сунуштарды баалоо) – бул келишимдерге кол коюла элек, курулуш иштери баштала элек жана тийиштүү түрдө каржылоо жүргүзүлгөн эмес дегенди билдирет.

АРИС 2023-жылдын 20-январында курулуш бааларын жогорулаткандыгы жөнүндө маалымат таратылгандан кийин мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алган объекттер боюнча документтерди, бардык долбоордук-сметалык документтердин ченемдерге шайкештигин текшерүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (Мамкурулуш) кайра жөнөттү.


Мамлекет Баткендеги объекттерди 123 млн сомго кымбат баалаган АРИСтин долбоорунан баш тартат

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
КР өткөн жылы ЕАЭБдеги өлкөлөргө 20 млрд сом бажы төлөмдөрүн которду 25 января 2023 г.    10:43
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери