Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет

Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет

Администрациялык-аймактык түзүлүштү реформалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 айыл аймагынын биригүүсүн пилоттук түрдө 5 ирилештирилген айыл аймагына киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Демилгесин ишке ашыруу максатында Экономика министрлиги 2023-2024-жылдарга Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформанын Концепциясын пилоттук режимде иштеп чыккан.

Бүгүнкү күндө пилоттук долбоордун алкагында, айыл аймактарын аймактык ирилештирүү менен бирге калктуу конуштарды өнүктүрүүгө ресурстук мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар ыйгарым укуктарды берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органдарынын жаңы структурасын түзүү Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына каралган.

«Бул чаралар аймакты өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын потенциалын жогорулатууга тийиш. Пилоттук долбоорду ишке ашырууга баа берүү 2024-жылдын аягында берилет», — дейт министрлик.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1905 калктуу конуш бар, анын 32си шаар, 1873 айыл статусундагы калктуу конуштар.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Конвертер валют