Улуттук банкка «Мега» уюлдук операторун алууга катышууга укук берилди

Улуттук банкка «Мега» уюлдук операторун алууга катышууга укук берилди

Улуттук банкка «Мега» уюлдук операторун алууга катышууга укук берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров кечээ, 23-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Талайбек Масабиров «Мега» оператору сатылабы же президенттин аппаратынан билдиришкендей, Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтөбү деген суроосун берди.

«Улуттук банкка өздөрүнүн чечими менен «Меганы» алууга катышууга укук берилип жатат. Алууга катышуусу толук мүмкүн», — деп жооп берди Бакиров.

Эскерте кетсек, бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жаткан. Бирок кийинчерээк президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев MEGA уюлдук оператору Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтүшү мүмкүн деген болжолдуу маалыматын берген.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Конвертер валют