«Манас» аэропорту боюнча маселе ачык бойдон турат — ММБФ

«Манас» аэропорту боюнча маселе ачык бойдон турат — ММБФ

Кечээ, 23-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров «Манас» эл аралык аэропорту» тууралуу бир катар маалымат берди.

Жыйында депутат Таалайбек Сарыбашов «Манас» аэропорту боюнча бийликтин позициясы кандай экенине кызыкты.

ММБФнын төрагасы «Манас» эл аралык аэропортунун» 79% үлүшүнө мамлекет ээлик кыларын, аэропорт 2021-жылы 4 млрд сом таза пайда менен чыкканын жана 2022-жылды 5 млрд сом менен жыйынтыктаганы жатышканын айтты.

«Ошого ылайык, кызыккан тараптар да жок эмес. Экономика жана коммерция министрлиги менен Дүйнөлүк банктын тобуна кирген IFC менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, МЖӨ ыкмасында ачык сынак менен инвестор тандап алуу каралган. Бирок анда бир гана «Манас» аэропорту боюнча болгон.

Эки аэропортту бирдей модернизациялоо үчүн сунушту Түркия, Араб мамлекеттери киргизип жатат. Бүгүн маселе ачык бойдон турат, конкреттүү эч бир компания менен келишим түзүлгөн жок», — деди Бакиров.

Эскерте кетсек, буга чейин Бакиров «Манас» эл аралык аэропортунун» 10% үлүшүн эл аралык соодага чыгаруу максатында IPOго коюу каралып жатканын билдирген болчу.


«Манас» аэропорту 5-миллионунчу жүргүнчүсүнө 100 миң сомдук сертификат тапшырды

«Манас» аэропортуна инвестиция жана тез арада учуу тилкесин реконструкциялоо керек — Бекешев

Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат — бирок ремонтко чейин башка жерге көчүрүлүшү да мүмкүн

Поделиться в соцсетях:

Последние новости
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Конвертер валют