Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү  каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Казак дипломаттары Казакстандын жарандарына Шенген аймагына кирген өлкөлөргө визасыз режимде кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Tengrinews.kz билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияровдун айтымында, Европа өлкөлөрү менен визасыз режим боюнча сүйлөшүүлөр көптөн бери жүрүп келет.

«Учурда Шенген зонасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн макулдугу керек. Бизде бир тараптуу визасыз режим бар (Казакстанга Шенген аймагынан келген өлкөлөрдүн жарандары үчүн). Бул зона бизге визасыз болушу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деген Смадияров.

Казакстандын ТИМи ошондой эле Латын Америка өлкөлөрү казакстандыктарга визасыз режимди берүүгө кызыкдар экенин, себеби бул өлкөлөргө Казакстандан келген туристтердин саны көбөйгөнүн да кошумчалады.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Конвертер валют