Жаңы конуштардын жашоочуларына үйүнө газ киргизүү үчүн пайызсыз насыялар берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Мэрдин айтымына караганда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө үстөксүз насыя берилет. Насыялар качан жана кантип бериле турганы азырынча тактала элек.
Абдыкадыров жыл сайын 4-5 конуш газ менен камсыз болоорун, муну менен 20 турак жай массивдерин газдаштыруу бир нече жылдын ичинде толук бүтөрүн маалымдады.