Кыргызстан ЕРӨБдөн жаңы насыя алат – 370 миң евросун консультанттар алышат

Кыргызстан ЕРӨБдөн жаңы насыя алат – 370 миң евросун консультанттар алышат

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) кезектеги 14.13 млн евро өлчөмүндө насыя алат. Анын 370 миң евросун консультанттарга берет, ал эми 141 миң евросун банк комиссия катары алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

ЕРӨБ Араван-Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо КРга 14 млн 130 миң евро насыя жана 3 млн 740 миң евро грант катары берип жатат.

Бекешев консультанттар жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрү баары бир 370 миң евро алышарын билдирди. ЕРӨБ өзү да 141.3 миң евро өлчөмүндө бир жолку жана плюс жылына 0.5% өлчөмүндө комиссия алат.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында, 21 миң гектарга жакын аянттын суу менен камсыздалышы жакшырмакчы.

Белгилей кетсек, бүгүн да тармактык комитеттин жыйынында каралып, жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору жактырылды.


Эскерте кетсек, ЕРӨБ 17 млн 870 миң евро акча каражатын бөлүп берет, анын ичинде – 14 млн 130 миң евросу кредит, 3 млн 740 миң евросу – грант түрүндө келет. Кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилет.


ЕРӨБдүн Араван — Ак-Буура каналын реконструкциялоого бере турган 17.8 млн евролук долбоору комитетте кайра каралат

ЕРӨБ берген 17.8 млн евро Араван — Ак-Буура каналын реконструкциялоого жумшалат

ЕРӨБ Ош облусунда ирригацияны жакшыртууга 17.8 млн евро берет

ЕРӨБ Араван, Кара-Суу райондорун таза суу менен камсыз кылууга дээрлик 20 млн евро берет

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери