Курулуш жана турак жай агенттигинин кызматкерлери 6 млн сом акчаны бюджеттен чыгарып кетишкен

Курулуш жана турак жай агенттигинин кызматкерлери 6 млн сом акчаны бюджеттен чыгарып кетишкен

Бишкек шаардык прокуратурасы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери башкы бухгалтер менен чогуу жасалма документтерди жасашып, өздөрүнө 6 млн сом акчаны которуп алганын билдирди.

Текшерүүдө, агенттиктин айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланышып, жеке материалдык пайда табуу максатында бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен ведомствонун кызматкерлерине эмгек акы төлөө аракетин шылтоолоп, агенттиктин С.Н.К аттуу башкы бухгалтеринин өздүк эсептерине которуу жолу менен бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө чыгарышкандыгы жана өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, агенттиктин бюджетинен 6 млн сомдон ашык каражат чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган Агенттиктин мурдагы башкы бухгалтери, ал эми азыркы учурда «Бишкекжашылчарба» МИнин башкы бухгалтери С.Н.К кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери