КР менен Өзбекстан куруп жаткан автоунаа заводу 180 күндүн ичинде ишке кириш керек — минкаб

КР менен Өзбекстан куруп жаткан автоунаа заводу 180 күндүн ичинде ишке кириш керек — минкаб

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова унаа заводун курууну көздөгөн «Нур» ААК, «ДТ Техник» ЖЧК жана өзбекстандык «Узавтосаноат» беш жылдан бери биргелешип иштеп жатышканын, Кыргызстанда завод 180 күндүн ичинде курулуп, ишке кириш керек экендигин билдирди.

Анын айтымында, долбоор үч этап менен ишке ашырылат. Ошондой эле 500 жумуш орун түзүлөөрү күтүлүүдө.

«Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, министрлер кабинети милдеттенмелерди алып жатат, ага ылайык, автотранспорт каражаттарын өндүрүү үчүн автоунаа комплекттерин импорттоодо жана аларды сатууда КНСтен, ошондой эле бул каражаттарды өндүрүү үчүн ташылып келген машина комплекттери да Бажы алымынан бошотулат», — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле Усенбекова каражатты азырынча жеке компаниялар өздөрү каржылай тургандыгын, бирок эгер дагы керек болсо, Кыргыз-Өзбек фондуна кайрылса болорун билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан автоунаа чыгарган биргелешкен завод курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Завод Чүй облусунун Ак-Суу айылында (Бишкек шаарынан 50 км) курулат. Ал жерде автоунаанын 19 түрү чыгарылмакчы. Кыргыз тараптан өндүрүшкө эки компания «Нур» ААКсы жана «ДТ Техник» ЖЧКсы, өзбек тараптан «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы катышат.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Конвертер валют