Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов «Дордой-Дыйкан» дүң азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда ишкерлер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын колдонууга киргизилиши — базардагы ишкерлерге бир катар кыйынчылыктарды жаратаарын айтышты.
Соодагерлер белгилегендей аталган базардан республиканын бардык аймактарына азык-түлүк жөнөтүлөт.
«Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын колдонууга киргизилиши баалардын өсүшүнө алып келет», – деген ишкерлер, соодага да терс таасир тийгизип, базардын жабылышына шарт түзөөрүн кооптонуу менен кошумчалашты.
Ага ылайык, «Дордой-Дыйкан» базарына «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларындагыдай өзгөчө салыктык режим киргизүү керектигин белгилешти.
Сунуш-пикирлерди уккан депутат Ырысбек Атажанов жолугушууда көтөрүлгөн бардык маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде караларын билдирди.