Мамлекет Баткендеги объекттерди 123 млн сомго кымбат баалаган АРИСтин долбоорунан баш тартат

Мамлекет Баткендеги объекттерди 123 млн сомго кымбат баалаган АРИСтин долбоорунан баш тартат

Баткендеги социалдык объектилерди куруу чыгымын АРИС агенттиги 123 млн сомго кымбат баалаган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, калыбына келтирүү иштери АРИС агенттигине берилип, ал эл аралык финансы инситуттарынан насыя алып, курулуш иштерин баштаган. Бул максатта тендер сунушталып, кетчү каражаттын суммасын 452 млн сомдон жогору деп эсептеген.

Калыбына келтирүү иштери АРИС агенттигине берилип, ал эл аралык каржы инситуттарынан насыя алып, курулуш иштерин баштаган. Бул максатта тендер сунушталып, кетчү каражаттардын суммасын 452 млн сомдон жогору деп эсептешкен.

«Мамлекет АРИСтин баалоосуна альтернативдүү рыноктогу баа менен салыштырып эсептеп чыкты. Жыйынтыгында 123 млн сомго көп бааланганы аныкталды. Буга чейин мамлекет сырттан алган насыяларга жол, стратегиялык обьектилерди курганда ушундай эле тендерлер жарыяланып, ортодон ар кимиси «доляга» отуруп, кымбат баалап, уурдап, талап-тоноп келишкен.

Анын кесепетинен мамлекеттин тышкы карызы өсүп, элдин мойнуна илинген. Мисалы, АРИС 225 орунга эсептелген окуу жайды курууга 115 млн сомдон жогору каражат сарпталарын көрсөткөн. Ушундай эле кубаттуулуктагы мектепти мамлекет башка аймакта куруп, ага 85 млн сом сарпталган.

АРИС 75 орундуу бала бакчаны 91 млн сомго курабыз деп белсенсе, өлкө боюнча ушунча орундуу бала бакчалар 59-60 млн сомго бүткөрүлгөн. Акысыз, белекке салып берип атса да «мейли» дейт элек. Жогоруда белгиленген 452 млн сом бул АРИС биздин мамлекетти кепилдик кылып эл аралык каржы институтунан кредит катары алган каражат.

Тагыраагы эртең балдарыбызга чейин жүк боло турган тышкы карызга кошула турган сумманын бир бөлүгү болот. Баткендеги социалдык объектилерди курууга сунушталган 452 млн сомдон эле 123 млн. сом айырма чыгып жатат.

Сырттан карыз алып, Баткендеги объектилерди 123 млн сомго кымбат курууну максат кылып жаткан АРИСтин долбоорунан мамлекет баш тартат, — деп жазды ал.

Ошондой эле ал курулуш кеч бүтсө дагы, мамлекет өзүнүн каражатына салуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери