Июль айынан баштап маркаланбаган сыра продукциясын сатууга тыюу салынат

Июль айынан баштап маркаланбаган сыра продукциясын сатууга тыюу салынат

Кыргызстанда сыра продукциясы маркалана баштады. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-январынан тартып сыра продукциясына карата акциздик марка киргизилген.

Минкабдын токтомуна ылайык, ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу, идишке куюлган жана куюлбаган сыраны өндүрүүдө жана импорттоодо акциздик жыйым маркасы менен милдеттүү маркалоо киргизилген.  

2023-жылдын 1-июлунан тартып сыра продукциясынын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Продукцияны маркалоо анын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоо болуп саналат жана калкты контрафакттык товарларды керектөөдөн коргоого арналган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери сырага карата акциз салыгы 30.8 млн сом өлчөмүндө түшүп, январь айындагы план 7 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Салык кызматы бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 12.6 млн сомго көп экенин айтат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери