Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы 4.5 млн сомду мыйзамсыз чыгарып кеткен

Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы 4.5 млн сомду мыйзамсыз чыгарып кеткен

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизанын директору М.У.Ж. бюджетке 4.5 млн сомго жакын зыян келтиргени үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган М.У.Ж. Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда материалдык пайда алуу максатында ал подрядчы «Дос-строй» үчүн акча каражаттарын которууну кечиктирүү, ошондой эле аткарылган иштердин
көлөмүн кабыл алуудан баш тартуу түрүндө жасалма тоскоолдуктарды жараткан. М.У.Ж.дун мындай аракеттери «Дос-Строй» ЖЧКсын өзүнө тиешелүү болгон «Болот уста» ЖЧКсы менен субподрядчы түзүүгө жол ачып бергендиги аныкталган.

Өз кезегинде, Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 млн сомдон ашык акча каражаты пара түрүндө «Болот уста» ЖЧКсы тараптан эмгек акы төлөнгөн. Ошону менен бирге, социалдык объектини тапшыруунун мөөнөттөрү бир топ кечиктиргендигине байланыштуу, Беловодское айылдагы орто мектептин курулуш иштеринин көлөмү бүтпөй калган.

Аудиттин корутундусуна ылайык, бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен 4.5 млн сомго жакын зыян келтирилген. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери