Бишкекте OZON компаниясынын сорттоо борбору ачылды

Бишкекте OZON компаниясынын сорттоо борбору ачылды

Кечээ, 19-январда «Эл аралык алмашуу орду – Аламүдүн (ММПО Аламүдүн) почтасы» электрондук коммерциясынын почта-логистикалык комплексинин жана сорттоочу OZON борборунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Иш-чарада министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова куттуктоо сөзүн сүйлөп, «Эл аралык алмашуу орду – Аламүдүн (ММПО Аламүдүн)» «Кыргыз почтасы» ААКсынын электрондук коммерциясынын почта-логистикалык комплексинин жана OZON сорттоо борборунун электрондук соода тармагын өнүктүрүүдөгү ордун жана маанисин белгиледи. 

«Анткени, электрондук коммерциянын аркасы менен бизнести, айрыкча соода тармагында баштоо оңой. Бул рыноктун бардык катышуучуларына жергиликтүү жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаша ала турган соодага бирдей мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторунун ортосундагы товарлардын логистикасын жеңилдетет», — деди министрдин орун басары.

OZON борборунун Бишкектеги кеңсеси «Ололо» Эркиндик коворкинг борборунда Эркиндик проспектиси, 64б дарегинде жайгашкан.

Ал эми базардан товарларды жана посылкаларды кабыл алуу жана жеткирүү пункттары Бишкек шаарында «Кыргыз почтасы» ААКсынын филиалдарында төмөнкү даректер боюнча иштеп жатат: Киев көчөсү, 114, Ч. Айтматов пр.61а, Манас пр.7 Орозбеков көч.1а, Токтогул көч, 247, Сүйүмбаева көч. 142, Киев көч. 39, Чүй пр., 96.


Ozon — алдыңкы мультикатегориялуу маркетплейс жана Россиядагы эң ири интернет-компаниялардын бири. Аянтчада 20дан ашык категориядагы китептерден, кийимдерден тамак-аш жана ден соолук үчүн товарларга чейин 150 миллиондон ашык продуктылар бар.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери