Мурдагы прокурор Кубат Абдраимов «Кыргызалтындын» төрагасы болуп дайындалды

Мурдагы прокурор Кубат Абдраимов «Кыргызалтындын» төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 19-январда Кубат Абдраимов «Кыргызалтын» ААКтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Башкармалыктын төрагасы болуп дайындалганга чейин Абдраимов компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Ал бул кызматка 2022-жылдын сентябрында келген. Ал эми 2018-жылдын октябрынан 2021-жылдын февралына чейин Ош шаарынын прокурору кызматын аркалаган.

Эскерте кетсек, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Элдияр Султанов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган болчу. Султанов «Кыргызалтындын» жетекчиси болуп 2022-жылдын сентябрында дайындалган. Ага чейин ал «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.

Ал эми Султановго чейин өткөн жылдын сентябрь айында «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов, ошондой эле төраганын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев бир убакытта кызматтан кетишкен жана анын себеби айтылган эмес.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери