Чет элдик валютаны КРдан алып чыгууга тыюу салынган, бирок накталай эмес формада жөнөтсө болот

Чет элдик валютаны КРдан алып чыгууга тыюу салынган, бирок накталай эмес формада жөнөтсө болот

Ушул январь айындагы «КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомго ылайык, Кыргызстандын аймагынан чет элдик валюталарды накталай алып чыгууга тыюу салынган.

Бирок Улуттук банк кайсы бир кызматтар үчүн чет элдик валютада төлөө зарылчылыгы келип чыкса, анда коммерциялык банктарда ачылган эсептер аркылуу же эл аралык төлөм карталарын колдонуу менен накталай эмес формада төлөөнү сунуштайт.

Буга чейин бир нече жолу Улуттук банк накталай эмес чет өлкө валюталары менен операциялар коммерциялык банктар тарабынан жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча каалаган көлөмдө жана эч кандай чектөөлөрсүз жүргүзүлөөрүн билдирген.

«Эл аралык төлөм карталарынын ээлери банктык төлөм карталарын колдонуу аркылуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн чет өлкө валютасы менен төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Мындай учурда накталай чет элдик валютаны ташып жүрүү жана бажыда декларациялоо зарылчылыгы жаралбайт», — дейт регулятор.

Мындан тышкары, банктык төлөм картасы уурдалган же жоголгон учурда да акча каражатынын коопсуз сакталышы камсыздалат.


Улуттук банк быйыл дээрлик жарым млрд доллар ички валюта рыногуна чыгарды — бирок баары бир доллар дефицит

Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынат

Улуттук банк быйылкы жылы биринчи интервенциясын жүргүзүп, дароо 104 млн доллар сатты

Которулган акчанын комиссиясын жөнөтүүчү адам гана төлөйт — Улуттук банк

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери