Япония Кыргызстанга дээрлик 500 миң долларга медициналык жабдууларды алып берет

Япония Кыргызстанга  дээрлик 500 миң долларга медициналык жабдууларды алып берет

Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында Кыргызстандын төрт саламаттыкты сактоо уюму жаңы жабдууларды алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2023-жылдын 17-январында Япониянын КРдагы Элчилигинде Япония Өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында төмөнкү долбоорлор боюнча Гранттык келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Ага ылайык, төмөндөгү 4 долбоор ишке ашырылмакчы.

1. «Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жалпы суммасы 143 миң 447 долларга санариптик флюорограф жана ЛОР-комбайн орнотулат.

2. «Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борбору жалпы наркы 111 миң долларды түзгөн Fujifilm үлгүсүндөгү стационардык УЗИ аппаратын жана лапароскоп аппаратын топтому менен алат.

3. «Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын медициналык чөйрөсүн жакшыртуу долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жалпы суммасы 114 миң 747 долларга эндоскопиялык операцияларды жасоо үчүн аппараттар жана инструменттер, ошондой эле геморрой ооруларын дарылоочу аппарат алынат.

4. «Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын Облустук үй-бүлөлүк медицина борбору жалпы суммасы 95 миң 547 долларды түзгөн стационардык Shimadzu рентген аппаратын алат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери