Саламаттык сактоо министрлиги бир жылда чет элдик финансы институттарынан 38 млн евро жана 35 млн долларлык жардам алды

Саламаттык сактоо министрлиги бир жылда чет элдик финансы институттарынан 38 млн евро жана 35 млн долларлык жардам алды

Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдагы «ийгиликтери» тууралуу отчеттук маалыматын жарыялады. Анда министрлик чет элдик финансы институттарынан 38.5 млн евро жана 35.5 млн долларлык жардам алганын айтат.

Министрлик «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка 33 тез жардам автоунаасы жана Дүйнөлүк банктын эсебинен 69 санитардык автоунаалар сатылып алынганын белгиледи.

Андан сырткары, ведомство курулуш жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо боюнча мамлекеттик инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтат.

  • Немец өнүктүрүү банкынын гранттык жардамы менен Бишкекте перинаталдык борбордун курулушу (бюджети 13 млн евро), кургак учукка каршы оорукананын курулушу (6.5 млн евро) аяктады.
  • Ошондой эле гранттын эсебинен, Талас (6 млн евро) жана Ош шаарында (13 млн евро) Перинаталдык борборду куруу иштери башталды.
  • Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен, Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар ооруканасынын курулушу башталды (18 млн доллар).

Медициналык жабдуулар менен камсыздоо:

  • Дүйнөлүк банк аркылуу «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» боюнча 2 долбоордунн алкагында жалпы 5 млн 360 миң АКШ долларына медициналык жабдуулар алынды.
  • Азия өнүктүрүү банкынын «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында – 10 млн долларга медициналык жабдуулар алынды.
  • Ислам өнүктүрүү банкынын «COVID-19 даярдыкты жана аркетти күчөтүү үчүн ыкчам колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында жалпы — 2.4 млн долларга медициналык жабдуулар алынды.

Япония Кыргызстанга дээрлик 500 миң долларга медициналык жабдууларды алып берет

Саламаттыкты сактоо министрлиги тендер аркылуу гриппке каршы 82.7 миң доза вакцина сатып алды

Швейцария «КРда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу» долбооруна 5 млн франк берди

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери