Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) 2023-жылы жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы ОКӨФ кредиттөө жана инвестициялык ишмердүүлүктү күчөтүп, жалпы суммасы 165 млн долларга 44 жаңы түз каржылоо инвестициялык долбоорлорун бекитти, бул 2021-жылга карата 6 эсеге көп. 2022-жыл ичинде Фонд жалпы суммасы 64 млн доллар өлчөмүндө кредиттерди берди, бул 2021-жылга карата 43% өсүштү билдирет.
«2022-жыл ичи жалпы суммасы 20 млн долларга 12 инвестициялык долбоор ишке киргизилген. Учурда Фонд мурда бекитилген долбоорлорду каржылоону улантууда, 2023-жылы Фонд жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду жана 2024-жылы жалпы суммасы 133 млн долларга 5 долбоорду ишке киргизет» – Бакыт Төрөбаев.