Мамлекеттик кызматкерлерге квартал сайын берилчү сый акылар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Орунбеков Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, убактылуу токтотулган премия мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатканын белгиледи.
«Буга чейин абадан коргонуучу «Байрактар», «Аксунгур», «Акынжы», «Анка» өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот.
Андыктан айрым кесиптештердин «премия кыркылды» деп таарынганы орунсуз. Ошону менен бирге мамлекеттик кызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылды. Жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилет. Андыктан анын суммасы эмгек акылары жогорулаганын эске алганда жакшы чыгаары күтүлөт», — деп жазды ал өзүнүн Фейсбук баракчасында.