«Кыргыз темир жолу» 7.2 млн тонна жүк жана 248.5 миң жүргүнчү ташыды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Салыштырмалуу 2021-жылдын 11 айында 6915 млн тонна жүк, 248 миң 585 жүргүнчү ташылган. Ишкана эл аралык каттам менен 12 миң 906 жүргүнчү ташыганын белгиледи.
Кошумчалай кетсек, өлкө ичинде «Бишкек — Токмок», «Бишкек — Кайыңды» каттамы күнүгө жүрөт. Ал эми эл аралык «Бишкек — Самара», «Бишкек — Казань», «Бишкек — Новосибирск» каттамдары да бар. Эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер 2022-жылдын 6-июнунан баштап жанданды.