КР энергетика секторуна Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар кредит алат — 38 жыл төлөйт

КР энергетика секторуна Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар кредит алат — 38 жыл төлөйт

Кыргызстан Электр энергиялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (Дүйнөлүк банкка карайт) 38 жылга 50 млн доллар кредит алат.

Кечээ, 17-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, кредит бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталат.

Кредитти төлөө мөөнөтү — 38 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү — 6 жыл, кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздык чен-жылдык — 0.75%, резервдөө үчүн максималдуу комиссиясы — жылдык 0.5%.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү каражатты максаттуу пайдалануу, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн кыскартуу зарылдыгын белгилешти. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоорду жактырышты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери