Кыргызстанда кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясын куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен пилоттук долбоор иштелип чыгат. Бул долбоор келечекте башка долбоорлорду ишке киргизүү үчүн үлгү катары колдонулмакчы.
18-январда Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен министрлер кабинети күн станциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча өнөктөштүгү тууралуу жарыялашты.
Ведомстводон билдиришкендей, IFC Энергетика жана Экономика министрликтерине пилоттук күн фотоэлектр станциясын куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке сектордун тажрыйбасын жана капиталын тартуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) түзүүгө жардам берет.
«Долбоор Дүйнөлүк банк тобунун Күн энергетикасын масштабдоо программасынын алкагында иштелип чыгат, ал өкмөткө тендер өткөрүүдө жана жеке каржыланган күн долбоорлорун иштеп чыгууда жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү терезе болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлдөрү транзакциялар боюнча кеңешчи катары IFC өкмөттөргө долбоорлордун деталдуу изилдөөлөрүн жүргүзүүгө, коомдук муктаждыктарга эң жакшы жооп берген жана инвесторлор үчүн жагымдуу структуралаштыруу варианттарын баалоого жардам берерин кошумчалады. Уюм ошондой эле өкмөткө квалификациялуу жеке өнөктөштү аныктоо үчүн ачык жана атаандаштык тендер өткөрүүгө жардам бермекчи.
IFC маалыматы боюнча, Scaling Solar программасы ийгиликтүү болуп, атаандаштыкка жөндөмдүү тарифтерди камсыз кылды. Бул программа боюнча Өзбекстан, Сенегал жана Замбияда электр станциялары ийгиликтүү ишке киргизишкен.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясын куруу боюнча пилоттук МЖӨ долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү жана башка чоо-жайы тууралуу маалымат берилген жок.
Ошондой эле буга чейин Кыргызстанда курула турган күн электр станциялары тууралуу бир канча жолу келишимдер болгону менен алардын бири дагы иш жүзүнө аша элек.
Кыргызстанда биринчи күн станциясы курулат – аны Евразия өнүктүрүү банкы 40 млн долларга каржылайт