TEZ JET авиакомпаниясы Жалал-Абадга каттамдарын кыштын аягына чейин кыскартты

TEZ JET авиакомпаниясы Жалал-Абадга каттамдарын кыштын аягына чейин кыскартты

Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багытындагы аба каттамдарынын саны жумасына төрт рейске чейин кыскарды. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына авиакомпаниянын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Буга чейин каттамдар күн сайын жүргүзүлүп келген, бирок жетекчилик кыш мезгилинде аларды жумасына төрткө чейин кыскартууну чечкен.

«Учурдагы каттамдар туруктуу эле болот, бирок дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү жумасына төрт жолу гана аткарылат. Бул график февраль айында дагы уланат», — деп белгиледи компаниянын өкүлү.

Белгилей кетсек, компаниянын сайтында белгиленген күндөргө билеттер сатылууда.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «Манас» эл аралык аэропортунун өкүлдөрүнөн Бишкектен Жалал-Абадга авиакаттамдардын жок болуп жатканын сурашканда, расмий өкүлдөр бул суроого жооп бере алышкан жок.


Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат — бирок ремонтко чейин башка жерге көчүрүлүшү да мүмкүн

Ош аэропортунда жүк таңгактагандар күнүнө 150 миң сомдон табышат, бирок салык төлөшпөйт

Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйөт

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери