Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров мамлекеттик бир катар менчик объекттер тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%), «Кыргызтелекомдун» (мамлекет — 77.84% Соцфонд — 12.51% жеке жана юридикалык жактар — 9.65%), «РСК» (100% мамлекеттики), «Кыргызалтындын» (100% мамлекеттики), «Учкундун» 10% үлүштөрүн эл аралык соодага чыгаруу максатында IPOго коюу каралган.
«Бирок эл аралык биржага чыга алган жок, анткени анын өзүнүн тартиптери, процедуралары бар экен. Бирок чыгарууга дагы деле аракеттер болуп жатат», — деди ММБФтин төрагасы.
IPO (Initial Public Offering деген сөздүн кыскартылышы) – алгачкы ачык сунуштоо, компания же алгачкы инвесторлор тарабынан компаниянын акциялары фондулук рынокто жайгаштырылат жана анын натыйжасында, компания ачык болуп, баалуу кагаздар инвесторлордун кеңири чөйрөсүнө чыгарылат.