Кыргызстандан экспорттук жүк ташуу 72%га өстү – негизинен Россия багытына

Кыргызстандан экспорттук жүк ташуу 72%га өстү – негизинен Россия багытына

Кыргызстанда 2022-жылы эл аралык экспорттук жүк ташууга болгон суроо-талап өскөнү (+72%) байкалган. Мындай маалыматты эл аралык жүк ташуучу ATI.SU биржасы билдирди.

Биржанын билдиргенине караганда, Кыргызстандан жөнөтүлгөн жүк ташуулар боюнча суроо-талаптардын саны бир жылда 72%га өскөн, ошол эле учурда баалар да (+31%) өскөн. Жылдын биринчи жарымында өтө жакшы көрсөткүчтөр байкалбаганы менен, жайдын ортосунан баштап күчтүү туруктуу өсүш башталган. Эң чоң жылыш биржада июль айында (өтүнмөлөрдүн саны боюнча +189%), август (+239%) жана декабрда (+179%) катталган.

«Негизги суроо-талап дээрлик эки эсеге өсүп, ал Россия багытына болгон. Россия жарым-жартылай батыш импортунун кыскарышын компенсациялады. Россия багытындагы ушундай эле көрүнүш Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да байкалат. Кыргызстандан Беларуска жүк ташуу да бир нече эсеге көбөйгөн. Бирок Казакстанга товар жеткирүү тескерисинче, бир аз кыскарды. Буга чек арадагы кезек күтүүлөр, жыл башындагы кошуна өлкөдө болгон тополоң себеп болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Импорттук жана ички трафик боюнча өтө орточо өсүш байкалган. Кыргызстанга товарларды жеткирүү боюнча кайрылуулардын саны 12%га өскөн.

Россиядан Кыргызстанга жүк ташууга болгон суроо-талап 11%га өстү, ошондой эле республикага товарлар Казакстан, Өзбекстан жана Кытайдан келген. Бирок Түркиядан, ошондой эле Европанын бир катар өлкөлөрүнөн товарларды КРга ташуу бир аз төмөндөгөн.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери