ЕРӨБ Лебединовская ГЭСин реконструкциялоого 13.8 млн евро бөлөт — 8.8 млн евросу кредит

ЕРӨБ Лебединовская ГЭСин реконструкциялоого 13.8 млн евро бөлөт — 8.8 млн евросу кредит

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) чакан Лебединовская ГЭСин реконструкциялоого каражат берүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу 16-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Ибраевдин айтымында, ЕРӨБ Кыргызстанга 13.8 млн евро бөлүүдө, анын 5 млн евросу гранттык негизде, 8.8 млн евросу үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 15 жылдык кредиттик негизде, жылдык 1% менен берилмекчи.

«Лебединовская ГЭСинин максималдуу кубаттуулугу 7.6 МВт. Бул өлкөдөгү эң эффективдүү чакан ГЭСтердин бири, бирок эски жабдуулардын айынан азыр болгону 5.8 МВт электр энергиясын иштеп чыгат. Реконструкциялангандан кийин ГЭС 9.2 МВт иштеп чыгып, Новопокровка айылындагы, Лебединовкадагы Бишкектин бир бөлүгүндөгү 21.5 миң абонентти ГЭС-5ке чейин электр энергиясы менен камсыздайт», — деди министр.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул келишимге кол коюуну жактырышты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери